Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери театралдык карточкаларын пайдаланып баштады.

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, студенттер менен С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын таланттары тарабынан даярдалган Кыргыз Эл жазуучусу Суранчы Жетимишовдун “Амансыңбы, апаке!” аттуу социалдык драмасынын коюмун көргөнү барышты.
Сөз кезегинде ректор, студенттерди окуу менен бирге маданий эс алуусун камсыздап, коомдо болуп жаткан терс корүнүштөрдөн оолак болууга үндөө максатында Ош улуттук драма театры менен эки тараптуу келишим түзүлгөнүн, анын алкагында 500 даана театралдык карточкаларды атайын каражаттардын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен сатып алып, студенттерге акысыз бөлүштүрүп бергенин айтып, жаштарга убактыңарды текке кетирбей, аны сарамжалдуу пайдаланып, эл керегине жараган инсандардан болгула деген тилегин билдирди.
Белгилей кетсек бүгүнкү студенттердин катарында академиялык мобилдүүлүк боюнча келген Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттери дагы бар.
Аталган спектакль кыска, бирок көз караштардын жана мүнөздөрдүн курч кагылыштарын чагылдырып, эненин улуулугун, түз жолдон адашуунун кесепеттеринен сабак ала тургандай кылып көрсөтүп берет.