Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетине караштуу Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын улук окутуучусу Чолпон Казканова «Башталгыч класс математикасынын теориялык негиздери» предметинен «Эратосфендин торчосу» темасында ПМНО-2-24 тайпасынын студенттерине ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө студенттерге башталгыч класстарда математиканы окутуунун теориялык негиздери кеңири түшүндүрүлүп, «Эратосфендин торчосу» ыкмасы аркылуу жөнөкөй сандарды аныктоо жолдору мисалдардын негизинде талданып берилди. Окутуучу сабакта интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, студенттердин логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана практикалык көндүмдөрүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.
Ачык сабакка кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Т.Исаков катышып, сабактын уюштурулушуна жана мазмунуна баа берип, окутуучунун педагогикалык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле студенттердин активдүү катышуусу сабактын жогорку деңгээлде өткөнүн көрсөтөрүн айтты.
Мындай ачык сабактар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, педагогикалык тажрыйбаны бөлүшүүгө жана билим берүүдөгү заманбап ыкмаларды жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.




