КӨЭАУнун Ала-Букадагы инновациялык мектебине жаңы окуу куралдары берилди

Бүгүн, Ош шаарындагы Орус кызматташтыгынын жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич баштаган делегация Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичтин кабыл алуусунда болушту. Жолугушуу учурунда Орус кызматташтыгы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосунда биргелешкен алгылыктуу иштер жасалып жатканы, жаңы окуу жылына карата бир канча иш пландар түзүлгөндүгү айтылды.
Жолугушуудан кийин Орус кызматташтыгынын өкүлчүлүгү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ала-Букадагы инновациялык мектебине Россия Федерациясынын “Билимди өнүктүрүү” мамлекеттик программасынын алкагында жалпы суммасы 8821 АКШ долларына барабар болгон 1030 даана окуу куралдарын тапшырды.
Окуу куралдарын тапшыруу аземине Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, Орус кызматташтыгынын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Аталган инвестиция Орус кызматташтыгы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин көп жылдык бирдиктүү кызматташуусунун негезинде окуу жайдын эл аралык байланыш жана стратегиялык өнүгүүлөр ишмердүүлүгү тарабынан жүзөгө ашырылды.