КӨЭАУнун студенти бокс боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетти

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин 3-курсунун студентти Азизбек Акрамов Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу В.А.Золоторевдин жаркын элесине арналган бокс боюнча XVII эл аралык турнирде 54кг салмакта биринчи орунду багындырды.
Бүгүн, спортчуну КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович машыктыруучусу менен кабыл алып, анын жеңиши менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Арзиев Талантбек Арапович, эл аралык мелдешке жалпы 18 мамлекеттен мушкерлер катышып, Азизбек мыкты даярдыкта барып, өзүнүн салмагында жеңишке жеткенин билдирди.