КӨЭАУнун студенттери-Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүн белгилешти

17-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенттери үчүн Ош шаарындагы “Тумар” той канасында майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы Шералы Эгембердиев, декандардын орун басарлары катышып, студенттерди майрамы менен куттуктап, окууда, коомдук иштерде активдүү жүргөн студенттерге университеттин жана бириккен кесиптик бирлигинин Ардак грамоталарын тапшырышты.
Мындан сырткары, Ош шаардык жаштар комитетинин жетекчилиги тарабынан дагы мыкты студенттерге грамота жана белектер берилди. Майрамдык иш чара КӨЭАУнун жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
и ещё 18
Все реакции:

Суйор Таштемиров, Сыргак Сарыков и ещё 33