Мугалимдер күнү белгиленди

МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
7-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш чара өттү.
Майрамдык кече университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун жана бириккен профсоюз уюумунун төрагасы Шералы Эгембердиевдин куттуктоо сөзү менен башталды.
Иш чаранын алкагында университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан окутуучуларга окуу жайдын жана бириккен профсоюз уюмунун ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу иш чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, мугалимдерге майрамдык маанай тартууланды.