Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети «Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына» карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында уюштурулган иш чаралардын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн «Мыкты жогорку окуу жайы» деп табылды.