“Орус тили жана адабияты” жумалыгы жыйынтыкталды

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжи тарабынан “Орус тили жана адабияты” жумалыгынын жыйынтыктоочу адабий-музыкалык иш чарасы болуп өттү.
Аталган иш чаранын башында сый-конокторго жана студенттерге орус тили жана адабиятынын тарыхы боюнча кыскача маалымат берилди.
Андан соң иш чаранын жүрүшүн тил жана коомдук сабактар бирикмесинде билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан даярдаган концерттик программа улантты.
Адабий-музыкалык иш чаранын соңунда мамлекеттик тил жанан социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыковго жанан кесиптик колледждин жетекчилигине куттуктоо сөзү берилди.
Сыргак Токтосунович окуу жай жетекчилигинин куттуктоосун жолдоп, аталган саамалыкта өздөрүнүн активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн профессордук-окутуучуларга жана студенттерге окуу жайдын ардак грамотасын тапшырды.
Сыйлык тапшыруу аземин улай эле аталган жумалыкта мыкты дубал гезит чыгарган, активдүү катышкан, мыкты көркөм окуган студентер тил жана коомдук сабактар бирикмесинин ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.