Спорттун волейбол түрү боюнча колледждер арасында достук беттеши өттү

Кечээ, 24-апрелде Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде кесипке багыт берүү ишмердигинин алкагында жана спорттук аянтчаларынын ачылышына карата өлкөбүздүн түштүк аймагындагы колледждердин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин арасында спорттун волейбол түрү боюнча достук беттеши өткөрүлдү.
Спорттук иш чараны КӨАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берип, алыскы жана жакынкы окуу жайлардан келген конокторго ыраазычылык сөзүн айтты. Ошондой эле денисак студент мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн алдыда боло турган мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырып алышына тилектештигин билдирди.
Аталган мелдешти юридика-бажы факультетинин эмгек жамааты уюштуруп, оюнга “Достук” спорт клубу, дене тарбия мугалимдери калыстык кылды. Студенттердин ынтымагын бекемдеген достук беттешине жалпы 12 команда катышып, жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Белгилей кетсек “Достук” ордендүү Кыргыз-Өзбек Эл арлык университетинде бул өңдүү иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.