Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономика факультетинин студентти Бактыгүл Курманбекова Бишкек жана Ош шаарларында өткөн спорттун Улуттук күрөш кулатуу түрү боюнча эл аралык турнирлерде 1-орунду багындырып, жеңиш менен келди.
Бүгүн, Бактыгүл Курманбекованы университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, окуу жайдын атын даңазалап, спорттун бир нече түрү боюнча ийгилик жаратып жүргөнүн баса белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады. Бактыгүл бул жолку жеңишин университетке арнаганын айтып, өзүнүн жеңишке жеткенде алган бел курун окуу жайдын музейине тапшырды.
Бактыгүл буга чейин кармаш урушу боюнча 58кг салмакта Азия чемпиону болгон, бокс боюнча спорт чеберине талапкер, КӨЭАУнун сыймыктуу студенти.


