“Улуттар биримдиги улуу байлыгыбыз”

Кечээ, 26-сентябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жайдын 30 жылдыгына карата “Улуттар биримдиги улуу байлыгыбыз” аттуу факультеттер арасында таймаш болуп өттү.
Мында 3 факультеттин таланттуу студенттери өз өнөрлөрүн көрсөтүп, улуттар арасында достукту, ынтымакты чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты. Иш чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан коноктор катышты. Улуттардын биримдигин даңазалоо максатында өткөн иш чара педагогика жана психология кафедрасы тарабынан уюштурулду.