Университеттеги жаңы дайындоо

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында окуу жайдагы кызматтык орундарга жаңы дайындоолор болгондугу тууралуу маалыматтар айтылып, жамаатка тааныштырылды.
КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, п.и.к., профессор Исаков Топчубай Эргешович өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде проректорлук кызматынан бошотулду. Жыйындын жүрүшүндө профессор Т.Исаковдун бул кызмат ордунда иштеген жылдар аралыгында университеттин ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы эмгек жамааты тарабынан белгиленди. Ошону менен катар тажырыйбалуу жетекчи, дасыккан педагог-илимпоз катары университеттин мындан нары өнүгүшү үчүн устаттык кеп-кеңеши зарыл экендиги айтылып, улуттук нарктын негизинде калпак, чепкен кийгизилди.
Бул орунга буга чейин университеттин cырттан окуу жана экономика боюнча проректорлук кызматында эмгектенип келген, ф-м.и.к., доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович дайындалды. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул орунга татыктуу инсан тандалгандыгы жалпы жамаат тарабынан айтылып, доцент Алтынбек Зулпукаров жүктөлгөн милдетти татыктуу алып кетишине ишеним артылды
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Рустам Салимов и ещё 117