Эне тилибиз – жүрөгүбүздүн каны, элдигибиздин жаны, биримдигибиздин башаты. Ата-бабаларыбыздын кылымдардан бери мурас кылып калтырган эң ыйык дөөлөтү – бул эне тилибиз. Дал ушул тил аркылуу дүйнөнү таанып-билдик, улуттук нарк-насилибизди калыптандырдык, маданиятыбызды өнүктүрдүк. Манас атабыздын улуу эпосу менен Айтматовдун даанышман чыгармалары да эне тилибиздин кереметинен жаралган.
1989-жылдан тарта кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болуп, улутубуздун руханий өзөгү катары мыйзамдык күчкө ээ болду. Ошондон тарта кыргыз тилинде мыйзамдар жазылып, мамлекеттик чечимдер кабыл алынып, эне тилибиз коомдук турмуштун бардык тармагында өз ордун тапты.

Биздин «Достук» ордендүү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – көп улуттуу мекеме болгону менен, негизги окуу-окутуу тилибиз мамлекеттик тил экендиги менен сыймыктанабыз. Университетибизде ар бир студент, ар бир кызматкер мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүп, күнүмдүк жашоосунда эркин пайдаланууда. Ошондой эле башка улут өкүлдөрүнө да кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүп, ар түрдүү иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келебиз.
Эне тилибизди сактоо – улутту сактоо, эне тилибизди урматтоо – ата-бабабыздын мурасын урматтоо. Ошондуктан ар бирибиздин ыйык милдетибиз – кыргыз тилин келечек муунга таза, татыктуу жана даңазалуу абалда өткөрүп берүү.
«Тил бар жерде – эл бар, эл бар жерде – жер бар» деп ата-бабабыз бекеринен айткан эмес. Тилибиз жашаса – мамлекетибиз түбөлүктүү болот.

Мамлекеттик тилибиз ар дайым көктө турсун! Жашообуздун шам чырагы болуп, эртеңки муундардын таянычы болуп жашай берсин!
Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, «Кыргыз Тили» төш белгисинин ээси, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А.Мамасыдыков