«ЭкоХакатон» иш-чарасы

Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун @enactus_kumu командасы 25-28 — апрель аралыгында Ысык-Көл облусунда @enactus_kyrgyzstan тарабынан уюштурулуп, ЮНИСЕФ тарабынан каржыланып жаткан «ЭкоХакатон» иш-чарасына катышат.
Бул тууралуу университеттин «Стартап» борборунун жетекчиси билдирди. Кечээ, @enactus_kumu командасын университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор, ф.и.д., профессор Аида Балтабаева кабыл алып, аларга ак жол каалашты.