Эл аралык карылар күнүнө карата ардагерлер сыйланды

Кечээ, 7-октябрда 1-октябрь-Эл аралык карылар күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде иштеп кеткен ардагерлер сыйланды.
Иш чарага 20дан ашык ардагерлер чакырылып, аларга университеттин жетекчилиги, бириккен профсоюз уюму акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Сыйлоо аземинде КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде иштеп кеткен агай-эжекелерибиздин университет үчүн жасаган эмгектерине токтолуп, “карысы бардын ырысы бар” деген кеп бекеринен айтылып калбаганын айтып, ак сакалдуу аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол таап, жаштарды келечекти көрө билүүгө үндөрүн белгилеп өттү.