Үч факультеттин 1-курстарынын кабыл алуу аземи өттү

Бүгүн, 17-ноябрда Студенттердин эл аралык күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин үч факультетинде окуган 1-курстун студенттеринин кабыл алуу аземи болуп өттү.
Майрамдык кече окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, эл аралык байланыштар, инвестиция жана инновация боюнча проректору Аида Балтабаева, илимий иштер боюнча проректор Медербек Исманов, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиевдин жана инженердик-технологиялык, гуманитардык-педагогикалык, табигый-педагогика жана маалыматтык-технологиялар факультеттеринин декандарынын куттуктоолору менен башталды.
Кеченин жүрүшүндө жетекчилер 1-курстун студенттерине студенттик билет менен сынак китепчелерин тапшырып, жалаң гана жакшы бааларды алгыла деген каалоо-тилектерин билдиришти. Майрамдык иш-чара студенттер тарабынан даярдалган ыр, бий, кызыктуу оюн-зоок менен коштолуп, келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.