«Өз укугуңду коргой бил»

Бүгүн, 13-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-бажы факультетинин «Юридикалык» клиникасы тарабынан «Өз укугуңду коргой бил» аталышында инновациялык укуктук окутуу практикалык семинары болуп өттү.
Иш чараны КӨЭАУнун эл аралык байланыштар, инновация жана инвестиция боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева, юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева ачып берди. Буга улай атайын чакырылган конокторго сөз берилип, студенттерге “Адвокаттык ишмердүүлүктүн негиздери” деген темада слайд көрсөтүлдү.
Андан соң Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын адвокаты Абдуллаев Наркул Абдуллаевич “Адвокаттын сот процессине катышуусу” деген темада баяндамасын жасады. Соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, ой-пикирлер айтылып иш чара жыйынтыкталды.