10-февраль күнү жемкорлуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономика факультетинин студенттерине түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө факультет деканы, ю.и.д., профессор А. Көкөева өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан жемкорлукка каршы күрөштүн максаты, келечеги тууралуу түшүнүк берди. Ага улай эле жемкорлукка аралашкан адам айып пулдан тышкары соттун чечими аркылуу 5 жылга чейин эркиндигинен чектелип калуу коркунучу бар экендигин эскертти.
Ошондой эле жакын адамдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга иштөө укугунан ажыратыла тургандыгын маалымдашты.
Жыйынга ректораттан катышкан университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, ф.и.к., доцент С.Сарыков сессия учурунда окутуучуларга белек берүүдөн, окутуучу менен студенттердин ортосунда мыйзамсыз байланыш түзүүдөн оолак болууга чакырып, жетекчилик тараптан студенттер үчүн түзүлүп жаткан шарттар боюнча айтып өттү.
Эскерте кетсек, студенттерге түшүндүрүү иштери 10-февралдан 20-февралга чейин окуу жайдын ар бир түзүмүндө жүргүзүлөт.