20-ноябрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистранттары үчүн «Илимий макала жазуу ыкмалары» деген темада семинар уюштурулду.

Аталган семинарда окуу жайдын илим жана инновация боюнча проректору Алмаз Атабеков илимий макала жазуунун эреже-ыкмалары, эл аралык басылмаларда макалалар кандай эрежелерге туура келиши жана материалдар кандай топтолушу керектиги тууралуу айтып берди.
Соңунда магистратура бөлүмүнүн башчысы Назира Тилекова Алмаз Каримовичке ыраазычылыгын билдирип, магистранттардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу бүгүнкү күндүн талабы экенине токтолуп, магистранттарга сабакка болгон мамилесин жакшыртууну эскертип өттү.