Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Иш планга ылайык түшүндүрүү иштери бир жумага созулуп, ар бир түзүмдүн студенттери менен жолугушуулар уюштурулат.
Бүгүн, 11-февралда жетекчилик тарых-филология факультетинин студенттери жана кураторлору менен жолукту.
Жолугушууда мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасынын окутуучусу Равшан Тайгараев Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыков мамлекет башчылары тарабынан жемкорлукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолуп, окуу жайдын жетекчиси катарында жемкорлуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан жана алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле окууга келбей жүргөндөр тоскоолдуксуз студент укугунан четтетилерин айтып, студенттерди татыктуу билим алууга үндөдү.