60 түп көчөт отургузулду

Бүгүн, 31-март-Эл аралык Жер күнүнө жана Парктар маршына карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Ош шаарындагы “Орхус” борбору менен биргеликте “Жашыл Мурас” акциясынын алкагында №2 окуу имаратынын айланасына 40 түп ак кайың, 10 түп емень, 10 түп карагай отургузду.
Аталган акцияга окуу жайдын ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, илимий иштер боюнча проректор Медербек Исманов баштаган илим бөлүмү, гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучулар жамааты, студенттери жана “Орхус” борборунун жетекчилиги, Ош-Баткен “Экотартип” коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.
КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев акциянын катышуучуларына, демөөрчүлөргө окуу жайдын атынан ыраазычылыгын билдирип, демөөрчүлөргө университеттин Ардак грамотасын, Ыраазычылык катын тапшырды.