Студенттерге “Эмгек базарындагы ийгилик” аталышында тренинг уюштурулду

КӨЭАУнун бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн JIA бизнес ассоциациясынын тренерлери “Эмгек базарындагы ийгилик” темасында тренинг өтүп беришти. Аталган тренинг Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин алдындагы мониторинг жана карьераны өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Мында тренерлер жаш адистерге эмгек жолу ар бир кишинин өмүрүндө чоң орунга ээ, азыр биз жашап жаткан мезгил – өзгөрүүлөрдүн убактысы экенин белгилешип, мурда кесипти бир жолу гана тандап, өмүр бою ошол кесип менен жашап келсек, азыр заман талабына жараша кесибибизди жөндөмүбүзгө жараша алмаштырганга толук мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолушту. Мындан сырткары азыркы учурда дүйнө бизге көрүнгөндөн тезирээк өрчүп жатат, ар бир мүнөт сайын жаңы ойлор, жаңы кесиптер пайда болууда, андыктан өз көңүлүн бир нерседен башка нерсеге тез бура алган киши заманбап дүйнөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болоруна токтолушуп, ал артыкчылыктарды аныктап чыгып, аларга көңүлүн койгонду билиш керек – ким болгусу келет, кайсы кесипти тандайт, жогорку квалификациялуу адис болуш үчүн бир кесип жетиштүү болобу, же дагы башка окуу курстарын окуш керекпи деген суроолорго токтолуп, жаштарга кенен маалымат беришти.
Соңунда Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Акмарал Тентимишова келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.