Үч факультетте кесиптик практиканын отчеттук конференциялары уюштурулду

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык, тарых-филология, табийгый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттеринин 4-курсунун студенттеринин кесиптик-профилдик практикаларынын отчеттук конференциялары аталган факультеттерде уюштурулду.
Конференцияга КӨЭАУнун педагогикалык практика боюнча жетекчиси Бердугулов Аматбек Турдубаевич, факультеттердин декандары, окутуучулар катышып, студенттердин кесиптик-профилдик практикада аткарган күндөлүк иштери, өткөн ачык сабактары, тарбиялык сааттары, класстан тышкаркы жүргүзгөн иш чаралары боюнча маалыматтарга күбө болушту.
Конференцияларда суроо-жооп, талкуулар жүргүзүлдү. Кафедралардан практикаларга жетекчи болгон усулчу окутуучулар ой-пикирлерин, сунуштарын айтышып, бүтүрүүчү тайпанын студенттерине ийгиликтерди каалашты.