Кыргызстандын мыкты студенттери аныкталды

Бишкек шаарында «Кыргызстандын мыкты студенти-2023» республикалык сынагы уюштурулуп, мында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 9 студенти жеңүүчү болду. Алар студенттик күндөрүндө жараткан ийгиликтери үчүн «Кыргызстандын мыкты студенти» төш белгиси, 1-2-3- даражадагы диплом жана аталган сынактын китеп жыйнагы менен сыйланышты.
Аталган сынакка студенттер өздөрүнүн ишке ашырган долбоорлорун, «Кыргызстанды өнүктүрүү идеясы» аттуу дил баян жана жалпы жетишкендиктерин (диплом, грамота) жөнөтүшүп, анын натыйжасында 1-2-3-даражадагы сыйлыктарга ээ болушту. Өлкөнүн мыкты студенттерин сыйлоо сынагы коомдук ишмер Аскар Салымбеков, Кыргызстан жаштарынын конгресси жана, бир канча коомдук фонддору тарабынан демилгеленип уюштурулуп келет.