Тарых-филология факультетинин жаштар комитети тарабынан «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас таануу» боюнча интеллектуалдык таймаш уюштурулду. Таймаш кыргыз тили , орус тили , англис тили жана социалдык экономикалык билим берүү: тарых профилдеринде окуган студенттер арасында өттү.
Интеллектуалдык таймашта саламдашуу, эпостогу үчилтиктин сюжетинен суроолор ( «Манас» эпосу С.Орозбаковдун вариантында, «Семетей» «Сейтек» C.Каралаевдин вариантында), күтүлбөгөн суроолор, Манас эпосун изилдөөчүлөр, манасчылар боюнча суроолор берилди.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө деканат тарабынан баалуу белектер тапшырылды.




