«Стартап» программасын өнүктүрүү максатында «Келечектин кесиби» темасындагы бизнес тренинг

Кечээ, 5-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүктүрүү ишмердүүлүгү, КӨЭАУнун бизнес тармагындагы ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте «Стартап» программасын өнүктүрүү максатында «Келечектин кесиби» темасындагы бизнес тренинг өткөрдү.
Иш чараны окуу жайдын окуу иштери жана экономика боюнча проректору, доцент Алтынбек Зулпукаров, «Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо” борборунун жетекчиси Топчубай Исаков ачып берип, бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 40 миңден ашык бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарганын, алар өз кесиби менен өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде жогорку кызматтарда иштеп жатканына токтолушту.
Тренингдин жүрүшүндө КӨЭАУнун бизнес тармагындагы ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү С.Салимов, М.Казаков, Т. Канатбек уулу, А. Эсенкулов, И.Ташполотов өздөрүнүн бизнес жолундагы тажрыйбалары, ийгиликтери тууралу айтып беришти. Ар бир спикер студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, эң жакшы жана өзгөчө суроолорго белектерин тапшырышты.
Мындан сырткары лотерия ойнотулуп, студенттер Ташкентке жолдомо сертификатын, Бишкек-Ош учак билетин, Умра сапарына 50 пайыздык арзандатуу жолдомолорун жана баалуу белектерге ээ болушту.
Иш чаранын соңунда М.Казаков КӨЭАУнун “Стартап” борбору менен биргеликте “Стартап” программасын өнүктүрүү максатында, студенттер үчүн 2 айлык окуу курсун уюштураарын айтып, ага атайын сынактын негизде кабыл алынарын айтты. Аталган курста окуган студенттерге сертификаттар берилип, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун баса белгиледи.