2024–жылдын 11-сентябрь күнү университеттин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Кеңештин күн тартибине беш маселе коюлду. Мында университеттин Окумуштуулар кеңешинин отурумдарынын 2024-25-окуу жылы үчүн иш планы, 2024-25-окуу жылына университеттин функционалдык-структуралык түзүмү, университеттин 2024-25-окуу жылына карата ишмердүүлүктүн багыттары боюнча негизги маселелери каралып, Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилди.
Мындан сырткары университеттин Окумуштуулар кеңешинин курамында ѳзгѳртүүлѳр болду. Соңунда “Доцент” окумуштуулук наамы үчүн шайлоо ѳткѳрүлдү жана талапкерлердин иш кагаздарын КРдин Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиясына сунуштоо иштери каралды.