Кыргыз Республикасынын “Аялдар комитети” коомдук бирикмеси тарабынан “ЭНЕЛЕР ӨМҮР МҮРӨГҮ” аттуу конференциясы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөрүлдү

Конференцияга катышуу максатында ар бир облустан келген ак саамай апаларды КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков уюштуруучулар менен биргеликте жандуу чыгарманын коштоосунда тосуп алышты.
Аталган конференциянын программасына ылайык жети облустан келген коноктор кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.
Иш чаранын расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү куттуктоо сөзүн сүйлөп, жараткан ийгиликтери менен өзгөчөлөнгөн айымдарды Ардак грамота менен сыйлады.
Келген конокторго Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген көрүнүктүү айымдар боюнча даярдалган видео тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.