Ардактуу агартуучулар, түйшүктүү ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!

Күндө жасаган ишинин түйшүгүн, аткарган эмгегинин коомго берип жаткан пайдасынын көлөмүн, салмагын аныктоого мүмкүн болбогон кесип – бул мугалимдик кесип. Башка тармактагылардын иш режими сегиз саат менен чектелсе, мугалимдердин иш күнүнүн да чеги жок экендиги көпчүлүк тарабынан этибарга алына бербейт. Технологиялык башкаруу дооруна чейин чектелген иш күнү бүткөндөн кийин мектеп мугалимдери окуучулардын ишин, ЖОЖдогулар студенттердин өздүк иштерин текшерип, кийинки сабактарга даярдануу менен үйдө да тынч алып отурган эмес. Ал эми бүгүнкү коомдун өнүгүү шартына жараша күн сайын жаңыланып жаткан инновациялык технологияларды пайдалануу ыкмасын өз учурунда өздөштүрүп баруу – мугалимге жүктөлгөн кошумча тапшырма. Мына ушундай түйшүгү күчтүү иште кабагым-кашым дебей иштеп, коомдун өнүгүшүнө ар тараптан салым кошуп жаткан жаштарга талбай тарбия берип жатканыңыздар үчүн таазим этишибиз керек!
Мугалим окуучунун же студенттин сабаттуулугун жоюп, туура сүйлөп, туура жазгандан тышкары өзүнүн кеби, жүрүм-туруму, башкаларга жасаган мамилеси, адеби аркылуу жаштарга, андан тышкары өзү карым-катышта жүргөн чөйрөгө таасирин тийгизип,бүтүндөй коомду тарбиялап турат. Ошондуктан, кайсыл жерде болбосун, адептүүлүктү сактап, башкаларга ар дайым сылык-сыпаа мамиледе болуу мугалимдик кесипке коюлган өзгөчө талап.
Урматтуу кесиптештер, сиздер акмакты акылдуу, акылдууну даанышман кыла турган улуу күчкө ээсиздер! Ошондон улам, бала мектеп жашына чейин ата-энесин идеал тутуп жашаса, мектеп босогосун аттагандан тартып мугалимди керемет дүйнөнүн ээси катары таанып, мугалимге карата боюн түзөй баштайт. Ал эми ЖОЖго кесиптик билим алуу үчүн келген жаштар үчүн окуу жайдын мугалиминен өткөн даанышман адам жок.
Мына ушундай калк арасында карапайым мүнөздү карманган кадыры бийик мугалимдик кесипке өмүрүн байлаган, ардактуу агартуучулар, түйшүктүү ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор
Мамасыдыков Абдилбает Асанович
Возможно, это изображение 2 человека и текст