Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун тарых-филология факультетинде “Инклюзивдүү коом эмне үчүн маанилүү?”-деген темада мектеп окуучулары жана студенттер үчүн диспут сабагы болуп өттү.
Университет-мектеп байланышын бекемдөөгө, студенттердин жана окуучулардын долбоор жазуу ишмердүүлүгүн калыптандырууга багытталган иш чара окуу жайдын сыймыктуу бүтүрүүчүсү, “Жылдын мыкты мугалими-2023” Республикалык сынагынын жеңүүчүсү,Ош шаарындагы N37 Г.Айтиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими, “Төлөйкөн” тынчтык клубунун тренери Алекова Элнура Алмазбековна жана ОшМУнун окутуучусу, тренер Ниязова Жанылай Самайбековна, ошондой эле ТФФнын англис филологиясы кафедрасынын окутуучусу Матаева Өмүргүл Нуралиевна тарабынан уюштурулду.
Жалпы катышуучуларга инклюзивдик маданиятты калыптандыруу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча маалыматтар берилип, видео тасмалар көрсөтүлдү. Инклюзивдик чөйрөнү түзүүдө ар бир жарандын ролу баса белгиленип, катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарышты.
Студенттер жана окуучулар талкууга активдүү катышып, инклюзивдүү чөйрөнүн мааниси, коомдук аң-сезимдин абалы тууралуу ойлорун ортого салышты. Ошондой эле диспуттун катышуучулары ДМЧ балдарга социалдык долбоорлор, ыктыярдуу аракеттер аркылуу көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракетин жандандырууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Талкуунун жүрүшүнө КӨЭАУнун квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунун жетекчиси, п.и.к., доцент Т.Э.Исаков баштаган окутуучулар эксперт катары катышышты.
Жыйынтыгында уюштуруучуларга ыраазычылык каттар, катышуучуларга белектер тапшырылды.