«Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары

 «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары “Жасалма интеллект – ааламдашуу доорунун чакырыктарынын бириби?” деген темада тегерек стол форматында болуп өттү.
Аны боробордун директору Топчубай Эргешович Исаков жетектеди.
Тегерек столдо төмөндөгү суроолор кызуу талкууга алынды:
Ааламдашуу доору деген эмне?
Ааламдашуу доорундагы чакырыктар жана коркунучтар кайсылар?
Жасалма интеллекттин артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу эмнелерди билесиңер?
ж.б.
Тегерек столго борбордун мүчөлөрү кызыгуу менен активдүү катышышып, соңку замандын чакырыктарына жооп берүүдө жасалма интеллекттин ролу чоң экендигин баса белгилешти.
Соңунда Т.Э.Исаков талкуудагы ой-пикирлерди чагылдырган презентацияны демонстрациялоо менен иш-чараны жыйынтыктады.