Ош шаарында «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомдук бирикмесинин «Дыйкан» түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасынын жаңыдан курулган имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, ишкананын ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мекеменин жетекчилиги Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине ыраазычылыктарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү колдоо саясатынын негизинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети аталган ишкана менен бирдиктүү иш жүргүзүп келет.
Анын алкагында 2023-2024-окуу жылында «Дыйкан» түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасына КӨЭАУнун студенттер үйүн жабдуу багытында жалпы суммасы 4323000 сомдук матрас, шейшеп, эмеректерге буйрутма берилген.