Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры менен эки тараптуу келишим түзүлдү

Бүгүн, Ош улуттук драма театрынын директору Керим Калыгулов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде болду.
Театрдын директорун КӨЭАУнун ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки тарап кызматташуу келишимине кол коюшту.