Семинарда ИИБнун директору Исаков Т.Э. “Университет 4.0: Университеттердин моделдеринин салыштырмалуу мүнөздөмөлөрү” деген темада баяндама жасады.
Баяндамада университеттердин эволюцияларына токтолуу менен келечектин университети болгон «Университет 4.0.» моделинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири айтып өттү.
Университет 4.0 моделинин негизги концепциялары болуп билим берүү, илимий изилдөөлөр, инновация жана технологиялардын интеграцияланышы (айкалышы) менен коомго активдүү кызмат көрсөтүү санала тургандыгын баса белгиледи.
Семинардын бүгүнкү отурумуна университеттин ардактуу профессору, ф.-м.и.д., профессор Тайиров Миталип Муратович катышып, негизги баяндамага толуктоолорду киргизүү менен өзүнүн баалуу ой-пикир жана сунуштарын айтты. Ошондой эле семинарга Кызыл-Кыя индустриялдык-педагогикалык колледжинин окутуучулары дагы кызыгуу менен катышышып, өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.