Урматтуу кесиптештер! Кымбаттуу студенттер!

Эгемендик майрамы менен удаа келген 1-сентябрь — билим күнү кут болсун!
Бактыга жараша, өлкөбүз эркин мамлекет катары дүйнөгө таанылган мезгилден тартып, билим берүү тармагында жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында, эл аралык атаандаштыкка жарамдуу, билимдүү жаштарыбыздын саны күн санап өсүдө.
Билим берүү, илим изилдөө ишмердиги аркылуу достуктун алтын ордосуна айланган биздин университеттен билим алып чыккан миңдеген кесипкөй адистер өлкөбүздүн, андан тышкары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн ар тараптуу өнүгүшүнө, эл аралык мамилелердин тереңдешине өзгөчө салым кошуп жатканын билим күнүнө арналган майрам арапасында сыймыктануу менен баса белгилеп кетким келет.
Космикалык ылдамдыкта бараткан өнүгүү шартында ар бир мамлекет артта калбоо үчүн билим берүү тармагына артыкчылык берүүдө. Бул багытта, Кыргыз Республикасы да жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүүгө өз-өзүнчө мамиле жасап, жаштардын билим аркылуу дүйнөлүк атаандаштыкта алдыга чыуусуна өзгөчө көңүл бурууда.
«Достук” ордендүү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети өлкөбүздө жашаган бардык этностордун маданиятын жана улуттук баалуулуктарын жогору баалоо менен эл аралык стандартка негизделген көп баскычтуу билим берүүчү университет катары кызмат кылып келе жатат.
Учурдан пайдаланып, жогорку окуу жайдын ааламына жаңы кадам таштаган 1-курстун студенттерин жаңы»статусу» менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силер жөнөкөй жерге келген жоксуңар. Сапаттуу кадрлары менен дүйнөгө таанылган, тездик менен өнүгүп аткан, кең келечектүү, эл аралык университеттин студенти болудуңар. Бүгүнтөн баштап силер да куттуу окуу жайыбыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган алдыңкы студенттерден болосуңар деген үмүттөмүн.
Майрамдык маанайда башталган жаңы окуу жылыбыз баарыбыз үчүн жемиштүү уланып, эмгек жамаатыбыз, студенттерибиз багындырган ийгиликтерге бай жыл болушун каалаймын! Бизден билим алып чыккан ар бир бүтүрүүчүбүздүн коомубуздун кыймылдаткыч күчүнө айланышына тилектешмин!
Жаңы окуу жылыбыз жаңы ачылыштардын жана бийиктиктердин жылы болсун!
Билим күнү кут болсун!
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору,
э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков