Батырaлы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде студенттер үчүн «Гендердик сезимталдык жана позитивдүү эрдик» темасында жумушчу тренинг уюштурулду. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Калк Фондунун колдоосу менен Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы тарабынан ишке ашырылды.
Бул тренинг университеттин мыкты эркек студенттери үчүн атайын уюштурулуп, жаштар арасында гендердик теңчилик маданиятын жайылтуу, жоопкерчиликтүү ата-энелик түшүнүктү калыптандыруу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу максатын көздөдү.
Белгилей кетсек, иш-чара университеттин Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов тарабынан сунушталган мини-долбоордун негизинде өткөрүлдү. Долбоор өзүнүн актуалдуулугу жана социалдык мааниси менен айырмаланып, эксперттик комиссия тарабынан жогору бааланып, жеңүүчү деп табылган.
Тренингдин ачылышында коноктор катышуучуларга иш-чаранын максаты жана мааниси тууралуу маалымат беришти. Атап айтканда:
Семинарды гендердик маселелер боюнча адис, тренер Камбарбек Адишов жана КӨЭАУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Өскөнбай Дилишатов өткөрүп, катышуучулар менен интерактивдүү форматта иш алып барышты.
Иш-чаранын соңунда тренингге активдүү катышкан студенттерге сертификаттар тапшырылып, алар баалуу белектер менен сыйланышты.
Ошондой эле Коммуникациялар жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов жана КӨЭАУнун доценти Өскөнбай Дилишатов конокторду университеттин инфраструктурасы жана «Достук» телестудиясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.






