КӨЭАУ Оштогу престиждүү окуу борборлору менен кызматташуу меморандумун түздү

  Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети билим берүү тармагындагы өнөктөштүгүн кеңейтүү багытында маанилүү кадам жасады. Университет “Рекорд” жана “Секом Ош” окуу борборлору менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду.
  Келишимге ылайык, тараптар абитуриенттерди сапаттуу жогорку билим алууга багыттоо, билим берүү системасындагы өз ара байланышты чыңдоо жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында биргелешип иш алып барышат.
  Кол коюу аземине Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, “Рекорд” окуу борборунун директору Шекербек Нишанов жана “Секом Ош” окуу борборунун директору Саитали Ормоновор катышып, сапаттуу кадрларды даярдоо максатында түзүлгөн келишимдин келечектүү болушуна тилектетигин билдиришти.
  Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жана окуу борборлорунун жетекчилери билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мектеп, окуу борбору, университет жана ата-энелер ортосундагы тыгыз байланыш өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Ошондой эле, жаштарга туура багыт берүү, алардын келечектеги кесиптик тандоосуна колдоо көрсөтүү башкы артыкчылык экендиги айтылды.
  Кызматташуунун алкагында абитуриенттер үчүн маалыматтык форумдар, жолугушуулар, университетке таанытуу сапарлары, сынамык тесттер жана ар кандай билим берүү иш-чаралары уюштурулат. Мындан тышкары, университет тарабынан аудиториялар, спорттук аянтчалар, жатакана жана башка инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга шарт түзүлөт.
  Меморандумга кол коюу иш-чарасынан кийин келген конокторго университеттин жакында ачылышы күтүлүп жаткан заманбап мектебинин окуу имараты жана жаңыланган жатакананын шарттары тааныштырылды.
  Бул меморандумдар – сапаттуу билим берүүгө багытталган туруктуу өнөктөштүктүн башаты болуп, абитуриенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и помост
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и помост