Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде ыйык Рамазан айынын урматына университеттин жалпы эмгек жамааты үчүн ооз ачар иш-чарасы уюштурулду.
Окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун демилгеси менен уюштурулган иш-чарага университет жана кесиптик бирлик комитети колдоо көрсөттү.
Берекелүү айдагы бул саамалык жамааттын биримдигин бекемдеп, кызматкерлер ортосундагы сый-урматты арттырууга багытталды. Ооз ачар учурунда дасторкон жайылып, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин амандыгы жана окуу жай жамаатынын ынтымагы үчүн бата-тилектер айтылды.
Мындай саамалыктар университетте жакшы салтка айланып, жыл сайын уюштурулуп келет. Бул иш-чаралар жамаатты жакындаткан, руханий баалуулуктарды даңазалаган маанилүү аянтча болуп саналат.





