Ак тилек менен бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы жамаатка таратылды

  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Нооруз майрамына карата сүмөлөк ачуу жөрөлгөсү уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышты.
  Сүмөлөк — береке, ынтымак жана жаңылануунун символу катары эл ичинде өзгөчө мааниге ээ. Ал молчулукту, биримдикти жана жакшы тилектерди туюндуруп, Нооруз майрамынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Бул жолу сүмөлөк университеттин медициналык колледжинин жамааты тарабынан салтка ылайык даярдалып, иш-чарага өзгөчө шаң кошту.
  Белгилей кетсек, кечээ дал ушул окуу корпусунда кеңири программадагы Нооруз майрамдык иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлгөн. Мындай масштабдагы майрамдык иш-чара университеттин 32 жылдык тарыхында алгач ирет 7-окуу корпусунда уюштурулуп жатат.
  Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 10 000 чарчы метрди түзүп, жакында толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап шарттар менен жаңыланган. Бүгүнкү күндө бул корпус университеттин эл аралык медициналык факультетине жана медициналык колледжине кызмат кылып, билим берүү үчүн бардык керектүү шарттарды камсыздап келет.
  Нооруз майрамынын алкагында өткөрүлүп жаткан мындай иш-чаралар студенттер менен окутуучулардын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң өбөлгө түзөт.
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек
Нет описания фото.
Нет описания фото.