КӨЭАУда Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жумалык башталды

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономикалык факультетинде «Экономика, башкаруу жана социалдык иштер» кафедрасы тарабынан 21-март — Даун синдрому бар адамдардын эл аралык күнүнө карата “Даун синдрому бар балдарды коомго интеграциялоо” аттуу тематикалык жумалык уюштурулду.
Бул иш-чаранын негизги максаты — коомчулукта Даун синдрому тууралуу туура жана илимий негизделген түшүнүктү калыптандыруу, инклюзивдүү коомду өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата толеранттуу мамилени бекемдөө болуп саналат.
Жумалыктын алкагында студенттер үчүн бир катар маанилүү жана мазмундуу иш-чаралар каралган. Атап айтканда, даун синдрому бар балдарды колдоо багытында иш алып барган адистердин катышуусунда конок лекциялар, “Сантерра-Юг” ресурстук борборунда балдар үчүн интеллектуалдык оюн-зоок иш-чарасы, “Кыргызстандагы социалдык камсыздоо” темасында ачык сабак, ЖОЖ китеп окуу сынагы, “Бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей баалуулук” аттуу акыл таймаш сынактары уюштурулат.
 Юридика- экономикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөеванын айтымында, бул иш-чаралар студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзүп, инклюзивдүү коом түзүүгө салым кошот.
 «“Адамга жардам берүү — эң чоң байлык!” эмеспи. Жумалыктын максаты — акыйкатты туу туткан, билимге умтулган, коомго пайда алып келген жаштарды тарбиялоо болуп саналат,»- деди А.Көкөева.
Университет жаштарды социалдык маселелерге кайдыгер карабоого чакырып, ар бир адам үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн акыйкат коомду калыптандырууга өз салымын кошууга үндөйт.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текстВозможно, это изображение один или несколько человек и люди учатся
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение учеба, детская игрушка и текст