КӨЭАУнун ректору Алтынбек Зулпукаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ректорлорунун III форумуна катышты

Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: кызматташуунун инновациялык моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темада Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өттү.
Форум Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында уюштурулуп, ага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана академиялык коомчулук катышты.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов сөз сүйлөп, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү багыты экенин белгиледи.
Аталган эл аралык иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Чынгызбек Мамажакып уулу да катышты.
Форумдун алкагында КӨЭАУнун ректору Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен, атап айтканда: Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университети жана Фергана мамлекеттик университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Бул келишимдер академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүүгө жана эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган.
Форумда кабыл алынган чечимдер Кыргыз — Өзбек кызматташтыгын кеңейтүүгө жана илим-билим тармагындагы жаңы перспективаларга өбөлгө түзөрү баса белгиленди.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти