Бүгүн, 5-август күнү саат 14:00дө өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларына, анын ичинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча абитуриенттерди кабыл алуунун IV туруна каттоо расмий түрдө аяктады.

Жакынкы күндөрү IV турдун жыйынтыгы жарыяланып, окууга сунушталган абитуриенттер үчүн окууга макулдук (кубаттоо) берүү процесси башталат.

Урматтуу абитуриент!

Жыйынтыгыңызды «Абитуриент Online» платформасындагы жеке кабинетиңизден же университеттин кабыл алуу комиссиясынан текшериңиз.

Эгер окууга сунушталган болсоңуз, белгиленген мөөнөттө сөзсүз түрдө макулдугуңузду тастыктаңыз.

Эгер бул турда окууга сунушталбай калсаңыз, үмүтүңүздү үзбөңүз. Алдыда дагы акыркы мүмкүнчүлүк – V тур бар.

V турдун мөөнөттөрү:

10-август, саат 09:00 – башталат.

12-август, саат 14:00 – аяктайт.

Жеке кабинетиңизди үзгүлтүксүз текшерип туруңуз жана бардык аракеттерди өз убагында аткарыңыз.

Коммуникация жана медиа департаменти