Атайын жана мобилизациялык иштер бөлүмү
Дареги: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү, 27
Телефону: 03222 5 56 94
Атайын жана мобилизациялык иштер бөлүмү Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Бөлүм билим берүү чөйрөсүндөгү КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларына, университеттин Уставына, университеттин өздүк ченемдик укуктук актыларына, бөлүмдүн Жобосуна ылайык иш алып барат.
Атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүмү:
- Бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндөгү документтерди (дипломдорду) берүү үчүн бүтүрүүчүлөр жөнүндө шаблонго ылайык даярдалган маалыматтарды чогултуп, электрондук версияда жана басма түрүндө министрликке маалымат берип, дипломдорго сандык буйрутманы (форма 1-06) ачып, корректуралык баракчаларды квалификация берүү жөнүндөгү буйрук менен текшеришип, басмаканага жөнөтүүнү уюштурат жана камсыз кылат.
- Так отчеттуулук бланктарынын эсебин алууну, сакталышын жана кыймылын камсыз кылат.
- Педагогикалык адистиктер/багыттар (бюджет) боюнча бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик бөлүштүрүүнү уюштурат жана отчет даярдайт.
- КӨЭАУнун аскерге милдеттүү кызматкерлери жана студенттерине тиешелүү иштерди алып барат жана шаардык, райондук аскер комиссариаттары менен тыгыз байланышта кызматташуу жүргүзөт.
Атайын жана мобилизациялык иштер боюнча бөлүмүнүн курамы тɵмɵндɵгү кызматкерлерден турат: бɵлүм башчы, башкы адис, жетектɵɵчү адис.
Бөлүмдүн кызматкерлери:
Бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №724/1 буйругуна ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасы болду.
Жыйынга университеттин окуу иштери жана каржы боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров, окуу департаментинин директору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, педагогикалык багыттагы факультеттердин декандары, тайпалардын кураторлору, Ош билим берүү институтунун, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты.
Университте 2023-2024-окуу жылында педагогикалык багыт боюнча бюджеттик негизде билим алган 139 бүтүрүүчү окууну аяктоодо. Бүтүрүүчүлөр КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн ваканттык орундарга жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн берилген сураныч каттардын негизинде жалпы билим берүү уюмдары талап кылган бош орундарга бөлүштүрүлдү.
КӨЭАУнун маалымат кызматы