Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесипке багыт берүү иш-чаралары Чоң-Алай районунда ийгиликтүү өттү.
Университеттин профессордук-окутуучулар жамааты аймактагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, келечек кесипти туура тандоо боюнча кеңири маалыматтарды сунуштады.
Жолугушуулардын жүрүшүндө окуучуларга университеттеги заманбап билим берүү багыттары, эл аралык байланыштар, колледждердин мүмкүнчүлүктөрү жана кабыл алуу шарттары тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында көптөгөн бүтүрүүчүлөр КӨЭАУга тапшырууга кызыкдар экендиктерин билдиришип, өз тандоолорун тактоого мүмкүнчүлүк алышты.
Үгүт кербенинин башчысы М.Егембердиевдин айтымында, Чоң-Алайдагы жолугушуулар мыкты уюшкандыкта өттү. “Окуучулардын билимге болгон кызыгуусу, келечекке болгон так максаттары бизди кубандырды. КӨЭАУ – алардын максаттарын ишке ашырууга мыкты аянтча болот деп ишенем”, – деди Мейражидин Шермаматович.
КӨЭАУ – ар бир жаштын келечегине жол ачкан ишенимдүү билим ордосу!
Коммуникация жана медиа департаменти



