“Юридикалык жардам” интеллектуалдык оюну студенттердин укуктук билимин бекемдеди

КӨЭАУнун юридика-экономика факультетинин Юридикалык клиникасы тарабынан «Жаштар үчүн укуктук жардамга жетүү» долбоорунун алкагында “Юридикалык жардам” аталышындагы интеллектуалдык оюн жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүп, студенттердин укуктук билимдерин тереңдетүүгө, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана практикалык көндүмдөрүн чыңдоого багытталды.
Иш-чара университеттин башкы имаратындагы кичи конференциялык залда өтүп, алгач катышуучулар каттоодон өтүшүп, расмий ачылыш аземи уюштурулду. Андан соң юридикалык клиниканын студенти Тешебаев Умар интеллектуалдык оюндун жүрүшүн алып барып, студенттер арасында кызыктуу жана мазмундуу таймаш өткөрдү.
Оюн суроо-жооп форматында, ой-пикир алмашуу жана активдүү талкуулар менен коштолуп, катышуучулар өз билимдерин сынап гана тим болбостон, укуктук багыттагы жаңы маалыматтарга да ээ болушту. Жыйынтыгында иш-чаранын жеңүүчүлөрү аныкталып, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.
Мындай форматтагы иш-чаралар юридика-экономика факультетинде студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууда жана практикалык көндүмдөрүн калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение учеба, телевизор, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст