Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде Кыргыз Республикасынын улуттук баалуулуктарын даңазалаган “Улуттук нарк – улуттун жүзү” аттуу окутуучулар арасындагы мазмундуу жана кызыктуу таймаш болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттук маданиятты, каада-салтты жана руханий баалуулуктарды жайылтуу, окутуучулардын чыгармачылык дараметин арттыруу болду.
Таймашта талапкерлер “Тааныштыруу” – кыргыз улуттук кийимдери менен нарктуу саламдашуу, “Билгичтер” – улуттук нарк боюнча суроо-жооп, “Өнөр”, “Салттын санжырасы”, “Макалдардын маржаны” — сүрөт аркылуу макал табуу, “Тапкыч мугалим” — баалуулуктарды сүрөттөн аныктоо жана “Шамдагайлар” — бешбармакка камыр кесүү шарттары боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында:
1-орунга Педагогикалык сабактар бирикмесинен Тойчуева Толгонай Араповна жана Жанавил кызы Келдикан;
2-орунга Математика жана табигый сабактар бирикмесинен Аркалыкова Гулназ Маматадыровна жана Шайбылдаева Надира Маматкадыровна;
Ал эми 3-орунга Маалыматтык технологиялар, энергетика, транспорт жана жеңил өнөр жай бирикмесинен Нурбек кызы Анара жана Зулайка Нишанбаевалар ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков сөз сүйлөп, өтүлгөн иш-чаранын жаштар үчүн тарбиялык орду чоң чоң болгонун баса белгиледи.
Жеңүүчүлөр жана катышуучулар калыстар тобу жана окуу жай жетекчилиги тарабынан дипломдор жана сертификаттар менен сыйланышты.
Мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды сактоого, өнүктүрүүгө жана келечек муунга жеткирүүгө чоң салым кошот.
Коммуникация жана медиа департаменти





