Окуу пландары жаңыланууда: STEM колледжинде эмгек рыногуна багытталган маанилүү талкуу өттү

21-апрель күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде Экономикалык-укуктук сабактар бирикмеси тарабынан “080110 – Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), 080106 – Финансы (тармактар боюнча), 030503 – Укук таануу адистиктери боюнча окуу пландарын актуалдаштыруу, билим берүү жана эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — эмгек рыногунда талап кылынган компетенцияларды так аныктоо, ага ылайык жаңы дисциплиналарды сунуштоо, ошондой эле иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерин эске алуу аркылуу практикага багытталган билим берүүнү өркүндөтүү болду.
Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.Кадыров,
Ош шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.К.Орунбаев,
Ош шаардык Статистика башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Д.К.Сабирова, «Исма Строй» ЖЧКсынын башкы бухгалтери Р.А. Гафурова, «Гарант» ЖЧКсынын башкы бухгалтери М.К.Азимова, «Галакси Синема» ЖЧКсынын башкы бухгалтери Э.С.Жолдубаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын юрист катчысы М.Р.Равшанов, ошондой эле адис К.Джетимишова, мамлекеттик жана жеке сектордон тажрыйбалуу адистер катышып, мазмундуу сунуштарын беришти.
Иш-чараны STEM колдонмо кесиптер колледжинин директору, техника илимдеринин кандидаты З.Б. Зулпуев ачып, окуу процессин заман талабына ылайык жаңылоо — бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин баса белгиледи.
Ал эми университеттин Окуу бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Г.Т.Пулатова бул багыттагы иштердин актуалдуулугуна токтолуп, жогорку сапаттагы, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодо практикалык сунуштар маанилүү экенин белгиледи.
Экономикалык-укуктук сабактар бирикмесинин башчысы Г.К. Калыбекова катышуучуларды учурдагы окуу пландары жана элективдик сабактардын каталогундагы сунушталган дисциплиналар менен тааныштырып, кеңири талкууга койду.
Жыйын кызуу талкуулар менен коштолуп, катышуучулар тарабынан билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы талаптарга жооп берген окуу программаларын иштеп чыгуу жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн күчөтүү боюнча бир катар баалуу сунуштар берилди.
Мындай форматтагы жолугушуулар билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы байланыштарды чыңдап, келечектеги кесипкөй кадрларды даярдоодо маанилүү аянтча болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение отдел новостей и текст
Возможно, это изображение учеба и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "๒ยลล ಶಮನಾಿ"
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст