Жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлерин окутуу боюнча тренинг өттү

Бүгүн, 16-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлерине арналган тренинг болуп өттү. Аталган тренингди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргеликте уюштуруп, ага кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын басма сөз кызматкерлери катышты.
Тренинг КР Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевнанын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрктүн куттуктоо сөзү менен башталды.
Андан соң тренинг Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Гүлзада Станалиеванын “Кантип мыкты PR текст жазса болот?» деген баяндамасы менен өз ишин улантты. Буга улай эле кабар жазуу техникаларында жана кабар жазууда жаңы тренддер, стоп эфир, эфирде кандай алып жүрүү керек, социалдык медианы өздөштүрүү, контент жана стратегиянын негиздери, кризис, коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү, кризис маалындагы коммуникация деген темалардын үстүндө презентациялар жасалды.
Тренинг кызыктуу жана пайдалуу болуп, соңунда жалпы катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.