Урал мамлекеттик жол каттамдары университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Наталья Юрьевна Анашкина КӨЭАУда болду.

Алгач, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, эки окуу жайдын кызматташуусун талкуулашты. Эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн уюштурууну колго алып, биргелешкен 1+1, 2+2 билим берүү программаларын ишке ашыруу керек экенин белгилеп өтүштү.
Андан соң Наталья Юрьевна Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып чыкты.