Исаков Топчубай Эргешович

Исаков Топчубай Эргешович 1957-жылы Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылында туулган. 1964-1972-жылдары ошол эле айылдагы Кара-Сөгөт сегиз жылдык мектебинде окуган. 1972-1974-жылдары Кара-Суу районундагы III Интернационал орто мектбинен билимин улантып, 10-классты ийгиликтүү бүтүргөн. 1974-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) физика-математикалык факультетине тапшырып,  аны 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1978-1980-жылдары Баткен районунун Самаркандык орто мектебине жолдомо менен жиберилип, математика мугалими болуп иштеп,  2 жылдык педагогикалык эмгек стажын өтөгөн.  1982-жылы  Советтик Армияга чакырылып,  Бурятия АССРнин Улан-Удэ шаарында аскердик кызматын аткарган.

1980-жылдан 1995-жылга чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математикалык факультетинде окутуучу, андан кийин улук окутуучу болуп иштеген. 1995-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде окуу-маалыматтык борборунун начальниги, андан соң окуу департаментинин директору кызматтарын аркалап, университеттин өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымдарын кошкон. Ал эми 2011-жылдан ушул күнгө чейин окуу иштери боюнча проректору болуп иштеп келе жатат. Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор. Ал  50 гө жакын илимий-усулдук макала, 5 окуу-усулдук колдонмо, 4 окуу куралынын автору. КРнын Инженердик академиясынын (2017) жана Казахстандын ЭИА (2017) мүчө-корреспонденти.

Т.Э.Исаков көп жылдык педагогикалык үзгүлтүксүз үзүрлүү эмгектеринин натыйжасында төмөндөгүдөй сыйлыктарга татыктуу болгон:

  • КРнын билим берүү отличниги (2002);
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2008);
  • КРнын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы (2007);
  • КРнын ББжИ министрлигинин Ардак грамотасы (2004);
  • КРнын билим, илим профсоюздук кыймылынын отличниги (2009).

Ошондой эле КРнын «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси  (2017) жана «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмесинин «Улут сыймыгы» төш белгиси (2018) менен сыйланган. Андан сырткары 20га жакын ведомостволук жана жергиликтүү сыйлыктардын ээси. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу (2007). «Ош жаңырыгы» гезитинин «Жылдын мыктысы» номинациясынын эки жолку ээси (2012, 2017).

Т.Э.Исаков Кыргыз-Өзбек университетиндеги сиңирген эмгектеринин натыйжасында төмөнкүдөй конкурстук номинацияларга ээ болгон:

  • Кыргыз-Өзбек университетинин «Эң мыкты усулчусу» — 2003;
  • Кыргыз-Өзбек университетинин «Эмгек сиңирген ишмери» — 2006;
  • К-ӨУнин «Эң мыкты илимий кызматкери» — 2017.

Исаков Топчубай Эргешович үй-бүлөлүү. Жубайы Тажикан Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Алар 2 уул, 2 кызды татыктуу тарбиялап өстүрүшкөн, 13 неберенин чоң атасы жана чоң энеси.